Баткен 2022
Чек арадагы согуштан кийинки жашоо - ...
Сүрөт баян: Баткенде кыргыз-тажик согушунда жабыр тарткандардын жашоосу тууралуу
"Балдарымдын көмөк акчасы 4500, ал эми 1800 сом айлыгым менен 6 адам жашайбыз, күйөөм устачылык кылчу эле, тополоңдон кийин ишке жараксыз болуп калды. Мындан ары кандай жашоо болот билбейм"
-деп турмуш абалын баяндады Баткен району Таш-Тумшук айылынын тургуну Алмагүл эже (аты өзгөртүлгөн). Анын айтымында айлык кирешсинен тышкары сүтүн саап ичкен, бир уй торпогу менен, эки коюн да уурдап кетишкен. Аргасыз үй-бүлөгө милиция да жардам бере алган жок. Төрт тарабында жалаң тажик кошуналар менен жашаган Алмагүл эже кимден күмөн санап, кай жерден издешти да билбейт.
Мал уурдалып бош калган короо
Баткен районундагы Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жашаган бир канча үй-бүлөлөр менен жолугуп, турмуш абалы менен таанышууга аракет кылдык. Көпчүлүк тургундар тополоңдоң кийин балдарынын коопсуздугу үчүн кайра кайтып келишкен эмес. Айылда саналуу гана үйлөрдөн түтүн чыгып турат.
Мирзиаев Икрамбай акенин кожолугу
"-Тажиктер менен бирге пул (акча) жыйнап таза суу чыгарган элек, азыр аны тосуп алышты, ичкени, кир жууганы дарыядан эки челектеп суу ташып келем. Балдарым бочка менен алып келишет" - дейт Икрамбай акенин жубайы
2021-жылы Баткен районундагы кыргыз-тажик тургундары аралаш жашаган айылдарда тополоң чыгып, кесепетинде 30 дан ашуун кыргыз жараны мерт кетип, 150 дөйү ден-соолугунан жабыркаган, алардын арасында Мирзаев Икрамбай да бар болчу. Ал башынан катуу жаракат алып, азыр жумушка жараксыз, киреше булагы жок үйдө олтурат.
Андан ары Көк-Терек айылынын тургундарына жолугушуу үчүн келдик.
Баткен - Көк-Терек жолунда айдоочу: - Көпчүлүктүн үйлөрү күйүп, мал жандыгы жоголду, жада калса короосундагы алма, өрүгү дагы күйүп жок болду. Мурун жок дегенде өрүктүн кагын сатып кыштан чыгышчу. Азыр эми же дайындуу иштери жок, же мал кармаганы там-ташы дагы жок калышты эхх (үшкүрүп).
Көк-Терек айылында 18 үй таптакыр күйүп кеткен. Ордуна өкмөт жеңил курулуучу 4 бөлмөлүү үйлөрдү куруп, кышка жетпей тапшырды. Ага карабай көпчүлүк коопсуздугуна кыжалат болуп айылга көчүп келүүнү каалашпайт.
Көк-Теректеги жаңы үйлөр видео
Көк-Теректе өрттөлгөн кожолуктун ордуна курулган жаңы үй
Айыл тургундары отун, көмүрдөн кыйналып жаткандарын айтышат, анткени үйлөрдү токтоосуз от жагып гана жылытууга болот. Кала берсе тополоң учурунда бар болгон отун, тезек, идиш аяк үйлөр күйүп жок болгон.
Азык-түлүктөр
"- Эч кандай кирешебиз жок, үйдө эч ким иштебейт. Балдарга кышка кийим кыла элекпиз, ар эки жумада азык түлүк алышыбыз керек, антпесе ачка дагы отура албайбыз. Компенсация акчадан болсо кабар жок, туугандарыбыз топтоп берген кичине акча бар эле, ошол менен күн көрүп жатабыз азыр. Корообузда эки түп өрүктүн кагын кышында сатып жан бакчубуз, ал дагы күйүп жок болду" - дейт Көк-Терек айылынын тургуну Зиягүл эже (аты өзгөртүлгөн).
Кыргызстанда жашоо үчүн минимум сумма бир адамга 6382,69 сом түзөт. Статистика боюнча Баткенде орточо бир үй-бүлөдө 5 тен адам жашайт. Алардын ар бирине жетерлүү тамак-аш үчүн эле 31913,45 сом коротууга туура келет. Ал эми алардын айлык кирешеси көмөк акчаларды бирге эсептегенде 5 миң сом, көпчүлүктүн туруктуу иши жок жана мамлекеттен көмөк акча алышпайт.
Чек арасы такталбаган Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарынын тургундары азырынча тууган урук топтоп берген тамак-аш, буюм терим менен күн көрүп жатышат. Жашоочулар айткандай жашоо улана берет, бирок мамлекет эсептеп, толуктап беребиз делген мүлккө болгон чыгымдан (компенсация) кабар жок. Кыргыз-тажик тополоңунда бүт болгон мүлкүнөн, киреше булагынан арылган кыргыз жарандарына азырга чейин компенсацияда бериле элек.
Сүрөт баяндама Оштогу "Интербилим" коомдук уюмунун ЧатырЛаб креативдүү медиа лабороториясында даярдалып, “Сорос Кыргызстан” фондунун “Турак жай укугу” долбоору алкагында колдоого алынган.

СҮРӨТ БАЯНДЫ ДАЯРДАГАН:
Расул уулу Маматказы
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website